БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

а к с и о л о г и я (гр. axia ‒ баалуулук жана logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктун табияты ж-дө, алардын реалдуулукта жана баалуулук дүйнөсүнүн структурасында алган орду, б. а. ар түрдүү баалуулуктардын социалдык, маданий факторлор жана инсандын структурасынын өз ара байланышы ж-дөгү филос. окуу. Б. т. жалпы жонунан бул же тигил доордо маданий салттардын баркы түшкөндүгү нөн жана коомдун туруктуу көз карашынын дискредитацияланышынан пайда болуп турган. Баалуулук багыттары инсандын ички, рухий түзүлүшүнүн маанилүү элементтери. Анын мазмунун адамдын саясий, филос. адептик ишеничтери, б. а. анын тереӊ жана туруктуу байланыш тары, жүрүм-турумдун адептик принциптери түзөт. М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.