АЭРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(аэро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атм. физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физ. жана хим. кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атм. темп-раны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) ж. б. изилдейт. Атм-дагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы жана космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоӊ роль ойнойт. А. 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү ‒ Жердин үстүнкү атм-сын изилдеген англ Д. Р. Бейтс жана бельгиялык М. Николе болгон. А-нын милдети ‒ аталган маселелерди изилдөө менен бирге алардын себептерин түшүндүрүү. А. эсептерин чыгаруу үчүн матем. ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу жана нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.