АШПАРА
Jump to navigation
Jump to search
‒ 8‒15-к-гы шаар калдыгы. Чүй өрөөнүндөгү Чалдыбар кыш-нын батыш тарабында жайгашкан. Алгачкы археол. изилдөөлөрдү В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, кийин 1964‒65-ж. Жети-Суу археол. экспедициясы жүргүзгөн. Шаар сепилден, шахирстандан жана дыйкандар менен кол өнөрчүлөр жашашкан турак үйлөрдөн туруп, сыртынан чеп менен курчалган. Казуу учурунда дубалы сокмо жана чийки кыштан салынган үйлөрдүн калдыктары, чопо идиштер (кумара, табак, чыны), үй айбанаттарынын сөөктөрү табылган. Табылгалардын ичинен уйгур алфавитиндеги жазуусу бар уйдун далысы өтө кызыгууну туудурат.