АШМАРИН Николай Иванович
Николай Иванович [22.9 (4. 10). 1870, Ядрин ш., Казань губерниясы (азыркы Чувашия) ‒ 26. 8. 1933, Казань ш.] ‒ тилчи, түрколог. СССР ИАнын корр.-мүчөсү (1929). Москвадагы Лазарев ин-тун бүтүргөн (1896). Ошол эле жылдан Казань ун-тинде окутуучу, кийин Казань, Симбирск, Баку (Азербайжан ун-ти) ЖОЖдорунун проф. болгон (1919 ‒ 31). А. чуваш тилинин лексикасы, диалектилери жана говору, этнографиясы жана тарыхы ж-дөгү баалуу маалыматтарга бай «Чуваш тилинин сөздүгү» аттуу 17 томдук эмгеги менен атагы чыккан. Түркологияга, чуваш тилине байланыштуу 30га жакын эмгек, анын ичинде «Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар» (1897‒99), «Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери» (1-бөлүк, 1903; 2-бөлүк, 1923) ж. б. жазган.
Ад.: Н. И. Ашмарин ‒ основоположник чувашско го языкознания. Чебоксары, 1971; Федотов М. Р. Н. И. Ашмарин: Краткий очерк жизни и деятельности. Чебоксары, 1995.