АЙТАЛИЕВ Ашыраалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТАЛИЕВ Ашыраалы (8. 3. 1927, Чүй обл., Кант р‑ну, Жедигер айылы – 13. 10. 2008, Биш­кек) – төкмө акын, обончу, ырчы, КРдин эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942‑43‑жылдар­дан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл ж. б‑дан таалим алган.

АЙТАЛИЕВ2.png

Эмгек жолун 1946‑ж. филармонияга ке­лип, ырчы‑акын бо­луп иштөөдөн баш­таган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жа­йында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр б‑ча сабак бер­ген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Ты­ныбеков, Э. Турсуна­лиев өңдүү акындар менен айтышып, кыр­гыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн улант­кан, айтышгын ар кандай салттарын өнүктүр­гөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды чебер айткан. Бир катар ыр­ларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкы­чы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын сала­мы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.