АШУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым А-лар кар-мөӊгүлүү зонада жатат. Пайда болушу б-ча тектон., эрозиялык жана мөӊгүнүн аракетинен жаралган А-лар болуп бөлүнөт. А-лардан өткөн жолдор жыл бою (мис., Төө-Ашуу) ачык болот, айрымдары гана кар көп түшүп, же кар, көчкү басып, кышында жабылып калат. Кырг-ндагы маанилүү ашуулар: Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Талдык, Кызыл-Арт, Чапчыма, Торугарт ж. б. А. бел, дабан, өтмөк, арт жана ажык деп да аталат.
Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар

Ашуунун аты Деӊиз деӊг.бийиктиги (м) Жайгашкан орду Ашуулардан өтүүчү маанилүү авт. жолдору
1 2 3 4
Ак-Бейит 3286 Ат-Башы кырка тоосунун батыш учу менен Арпанын Ала-Тоосунда Бишкек ‒ Торугарт
Ала-Бел 3184 Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде Бишкек ‒ Ош
Барскон 3756 Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүндө Ысык-Көл ‒ Кум-Төр
Беш-Таш 3578 Талас Ала-Тоосунун түн.-чыгышында Талас ‒ Кетмен-Төбө
Долон 3030 Байдулу жана Соӊкөл тоолорунун кесилишинде Бишкек ‒ Торугарт
Кара-Буура 3305 Талас Ала-Тоосунда (Кара-Буура жана Кара-Касмак сууларынын башында) Талас ‒ Чаткал
Карагөө 2800 Молдо-Тоодо Бишкек ‒ Тогуз-Торо
Катынарт 3514 Алай кырка тоосунда Ош ‒ Хорог
Көгарт 3319 Фергана тоо тизмегинде (Көгарт суусунун башында) Көгарт ‒ Тогуз-Торо
Кубакы 2350 Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышында Боом ‒ Орто-Токой
Кызарт 2664 Сандык жана Кызарт тоолорунун аралыгында Кочкор ‒ Жумгал
Кызыларт 4280 Чоӊ Алай тоосунда (Кызыларт суусунун башында) Ош ‒ Хорог
Кызыл-Бел-Чар 2600 Нарын кырка тоосу менен Ала-Мышык тоосунун тутумдашкан жеринде Бишкек ‒ Торугарт
Өтмөк 3330 Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө Талас ‒ Суусамыр
Талдык 3615 Алай кырка тоосунда Ош ‒ Хорог
Тоӊ-Мурун 3536 Алай жана Чоӊ Алай кырка тоолорунун аралыгындагы белбаскакта Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн
Торугарт 3752 Торугарт кырка тоосунун чыгыш жагында Нарын ‒ Кашкар
Тосор 3893 Тескей Ала-Тоодо (Тосор жана Үч-Эмчек сууларынынбашталышында) Ысык-Көл ‒ Сырт
Төө-Ашуу 3586 Кыргыз Ала-Тоосунун борб. бөлүгүндө Бишкек ‒ Ош
Чанач 3408 Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө Фергана ‒ Чаткал
Чапчыма 2841 Чаткал кырка тоосунун борб. бөлүгүндө Касан-Сай ‒ Чаткал
Чоӊ Ашуу 3822 Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүндө Ысык-Көл ‒ Сары-Жаз
Чыйырчык 2402 Алай кырка тоосунда Ош ‒ Хорог
Чытты 3572 Фергана тоо тизмегинде (Чытты жана Бычан сууларынын башында) Фергана ‒ Арпа