АЧ ТАЛАА
Jump to navigation
Jump to search
, Т ү ш т ү к А ч т а л а а ‒ О. Азиядагы түздүк, Сыр-Дарыянын Фергана өрөөнүнөн чыга бериштеги сол жээк тарабы. Түштүгүнөн Түркстан кырка тоосунун этектери менен чектешет; түндүгү менен түн.-батышында Кызыл-Кум чөлүнө кошулат. Аянты 10 миӊ км2дей. Бийикт. 385 мге чейин. Негизинен лёсс сымал кумай жана кумдуу топурактан турат. Жеринин көп бөлүгү сугарылат (Түн. каналы, Борб., Түш. Ач талаа каналдары ж. б.).