АХМЕД ЮГНЕКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, Югнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-к-дын аягы, Түркстандын чет жакасында ‒ 13-к-дын башы, ошол эле жерде) ‒ акын, ойчул. Югнаки ш-нда туулуп (Самаркандга жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери менен араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондуктан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереӊдеткен. А. Ю-нин өмүр жолу ж-дө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негизделген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери менен катар 9‒13-к-дын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14‒15-к-да жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (Ыйык-София) китепканасында, Берлин китепканасын да сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу менен көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык котормосу менен казак тилинде 1985-ж. Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.

                                                                                                                                          Ч. Жумагулов.