АНТРОПОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (21)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЛОГИЯ (антропо... жана ...логия) адамдын дене түзүлүшү жана психикалык абалын, социалдык ишмердүүлүгүн жана мад-тын изилдөөчү илимдердин жыйындысы. А. терминин алгач Аристотель киргизген. 19-к-дын ортосунан А-нын илимдеги орду, мазмуну ж-дө эки түрдүү көз караш калыптанган. 1) А. илим катары адамзаттын табигый тарыхын, материалдык жана рухий мад-тын, психологиясын, тилин ж. б. изилдейт. Мындай көз карашты АКШ, Батыш Европа элдеринин антропологдору колдогон. 2) Мейкиндикте жана мезгилде адамзат организминдеги өзгөрүүлөр, алардын закондору, аны башкарган факторлор ж-дөгү илимге маани берүү. Бул көз карашты негизинен сов. жана орус окумуштуулары жактаган. А. терми­ни Европа, Россия жана Түн. Америка өлкөлөрүндө илимдин үч тармагын – социалдык же маданий А. (этнография), физ. же биол. А. (А-нын өзү), кээде лингвистиканын тарыхын жана археологияны түшүндүрүү үчүн колдонулат. Социал­дык (маданий) А. термини негизинен Улуу Британияда жана Түн. Америка өлкөлөрүндө кабыл алынган. Социалдык А. – адамдын социал­дык ишмердүүлүгүн жана мад-тын изилдейт. Ал этногр. баяндамаларга таянат. Байыркы жазуучулар – тарыхый жана геогр. эмгектердин авторлору (Геродот, Ксенофонт, Страбон, Г. Юлий Це­зарь, Тацит, Клавдий Птолемей ж. б.) ар түрдүү элдердин мад-ты ж-дө алгачкы маалыматтарды чогултушкан. О. кылымда Араб авторлору (Бируни, Масуди, Ибн Фадлан ж. б.) Чыгыштагы жана Россиядагы европ. саякатчылар (Дж. Да Плано Карпини, Марко Поло, В. Рубрук) колониялык доордогу деңиз саякатчылары (X. Колумб, Ф. Магеллан, Дж. Кук ж. б.) жана миссионерлер (Д. де Ланда, Ж. Лафито ж. б.) элдердин тарыхы ж-дөгү баяндамаларды кал­тырышкан. 20-к-дын ортосунда уруучулук систе­ма, нике жана бийлик мамилелери, турмуштук үрп-адат, салттар, ритуал, мифология, фольк­лор ж. б. б-ча ири материалдар жыйналып, аккультурация жана маданий инновация ж. б. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Социалдык A-да бул маалыматтарды системалаштыруу үчүн статис­тика методу, тарыхый маселелерди чечүүдө, та­рыхый изилдөөлөрдө тарыхый А. методу, о. эле социол., психол., лингв, ыкмалар колдонулган. Дифференциялык тематикалар жана ыкмалардын негизинде социал. А. ар түрдүү багыттарга: эко­ном., саясий, юрид., педагог., лингв., психол., балдар А., гендердик А., мед., муз., шаардык, конфликттик А., визуалдык А. ж. б. бөлүнгөн. Физ. (биол.) А. – биологиянын бир бөлүгү, адам­заттын биол. өзгөчөлүктөрүн, табигый тарыхын жана адамдын организминин жекече өнүгүүсүн изилдейт. Физ. А-нын негизги багыттары: ан­тропогенез ж-дөгү окуу, палеоантропология, популяциялык А. жана раса таануу илими, этностук А., физиол. А., конституциялык А. ж. б. Адамдын морфологиясын изилдөөдө А. илими антропометрия, одонтология, краниология жана дерматоглифика методдорун кеңири колдонгон. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн негизинде адамдын баш сөөгү б-ча анын түспөлүн калыбына келтирүүдө сов. антрополог М. М. Герасимов, о. эле П. Брок, Р. Мартин, Л. Лики, А. П. Богданов, Д. Н. Анучин, В. В. Бу­нак, Я. Я. Рогинский ж. б. окумуштуулардын А. илимине кошкон салымы зор. Окумуштуу­лардын изилдөөлөрүнө караганда кыргыз элинин жалпы А-лык тиби европеоид жана монго­лоид тектеш расалардын аралашуусунан пайда болуп, түш. сибирь – тураноид расасына кирет. к. (түштүк сибирь кичи расасы). Учурда физ. <anom>A</anom>-да иммунология, физиология, молекулярдык жана популяциялык генетика, биометрия методдору пайдаланылат.
Ш. Керимова.