АХВАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:54, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АХВАЗ‒ Ирандын түш.-батышындагы шаар. Хузестан останынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Карун д-нын боюнда, Месопотамия ойдуӊунун түш.-чыгышында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2011). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224‒241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-ж. чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-ж. араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-к-да Насерия, 20-к-дан азыркыдай аталат. 1980‒88-ж. Иран ‒ Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран ун-ти (1955-жылдан), мед. ун-т (1988), тех. ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, хим., металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. А. ‒ нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири А. нефть кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга нефть кууру өтөт.