АФРОДИТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ грек мифологиясындагы сүйүүнүн жана сулуулуктун пири; Зевс менен Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант б-ча деӊиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). А-нын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы б. з. ч. 1-к-да римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын жана жашоонун, түшүмдүүлүктүн, о. эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология б-ча махабатка туш болгон кудайлар жана бардык адамдар А-нын бийлигине багынышкан. Гомер б-ча ага Афина, Артемида жана Гестия гана баш ийген эмес. А-нын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок өтө куник Гефест кудай болгон. Кифер а-нда, Афиныдагы акрополдо А-га храмдар, о. эле Грекиянын башка аймактарында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу

Венера Милосская. Мрамор. б. з. ч. 130‒120-ж., Париж, Лувр.

ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар жана египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. А-нын антикалык көркөм-сүрөт иск-восунда А. Книдская (б. з. ч. 4-к.), А. (Венера) Милосская (б. з. ч. 2-к.) статуялары кеӊири белгилүү.