АФРИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (22), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (45), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ дүйнөдө чоӊдугу б-ча Евразиядан кийинки экинчи материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 29,2 млн км2 (аралдары менен 30,3 млн км2). Калкы 1,1 млрд (2013). Батышынан Атлантика океаны, түндүгүнөн Жер Ортолук деӊиз, чыгышынан жана түн.-чыгышынан Инди океаны жана Кызыл деӊизи менен чулганат. Суэц мойногу аркылуу Азия менен туташып, кууш (13 км) Гибралтар кысыгы аны Европадан бөлөт. А-нын эӊ түн. учу ‒ Эль-Абьяд тумшугу, түш. чети ‒ Ийне тумшугу, батышы ‒ Жашыл Тумшук жарым аралындагы Альмади тумшугу, чыгышы ‒ Сомали жарым аралындагы Рас-Хафун тумшугу. Жээктери көбүнчө тоолуу, ыӊгайлуу булуӊ-буйт ка аз; эӊ чоӊ булуӊдары ‒ Гвинея, Сидра. Эӊ ири жарым аралы ‒ Сомали. А-га (дүйнө бөлүгү катары) таандык аралдар: чыгышында ‒ Мадагаскар, Комор, Маскарен, Амирант, Сейшель, Пемба, Мафия, Занзибар, Сокотра; батышында ‒ Мадейра, Канария, Жашыл Тумшук, Аннобан, Пагалу, Сан-Томе, Принсипи, Фернандо, По, Биоко, алыскы аралдары ‒ Вознесение, Ыйык Елена, Тристан-да-Кунья.
Геол. түзүлүшү б-ча А.‒ негизинен кембрийге чейинки платформа. Анын фундаменти Нубия-Араб, Ахаггар, Регибат ж. б. калкандарда жербетине чыгып жатат. А-нын түн.-батышында гы Атлас тоолорунун ички бөлүгү жана материк тик түштүгүндөгү Кап тоолору герцин, ал эми Атлас тоолорунун түн. тармактары альп бүктөлүүлөрүнө таандык. Дүйнөлүк маанидеги кен байлыктары: алмаз (Түш. жана Батыш А.), алтын, уран (Түш. А.), темир, алюминий (Батыш А.), жез, кобальт, бериллий, литий (негизинен Түш. А.) рудалары, фосфорит, нефть, табигый газ (Түн. жана Батыш А.).
Рельефинде түздүктөр, платолор жана бөксө тоолор үстөмдүк кылат, ал эми ойдуӊдар материктин аймагынын 9,8% аянтын гана ээлейт, алар негизинен жээк бөлүктөрүндө жайгашкан. Деӊиз деӊг. орт. бийиктиги (750 м) б-ча Антаркт идадан жана Евразиядан кийинки 3-материк; эӊ бийик жери Чыгыш Африка бөксө тоосундагы Килиманжаро жанар тоосу, 5895 м. Африканы экватордон түндүктү карай дээрлик бүт Сахара, Судан түздүктөрү жана платолору ээлейт. Сахаранын борб. бөлүндө Ахаггар, Тибести тайпак тоолору (эӊ бийик жери ‒ Эмми-Куси чокусу, 3415 м), Суданда ‒ Дарфур платосу (3088 м), Сахаранын түн-батышында Атлас тоолору (4165 м, Тубкаль чокусу) көтөрүлөт. Кызыл деӊизди бойлой Этбай кырка тоосу созулуп жатат (2259 м, Ода чокусу). Судан түздүгү түндүгүнөн Түн. Гви нея дөӊсөөсү (Бинтимани чокусу, 1948 м) жана Азанде бөксө тоосу менен чектешет. Чыгышында гы Эфиопия тайпак тоосу (Рас-Дашан чокусу, 4620 м) Афар ойдуӊун карай тик түшөт; Афар ойдуӊунда Африканын эӊ чуӊкур жери орун алган (андагы Ассаль көлүнүн бети деӊиз деӊг. 150 м төмөн жайгашкан). Азанденин түштүгүндө жайгашкан Конго ойдуӊу батышынан Түш. Гвинея дөӊсөөсү, түштүгүнөн Луанда-Катанга бөксө тоосу, чыгышынан Чыгыш Африка бөксө тоосу (Килиманжаро тоосу, 5895 м; Рувензору чокусу, 5109 м) менен чектешет. Түш. Африкада жай

Килиманжаро чокусу.

гашкан бийик Калахари түздүгү батышынан бөксө тоолор, чыгышынан Ажыдаар тоолору (3482 м) менен чектешет. Материктин түш. четинде орто бийиктеги (2326 мге чейин) Кап тоолору созулуп жатат.
Материкте түзөӊ рельефтин басымдуу болушу анын платформалык структурасына байланыш туу. Африканын түн.-батышында платформа нын фундаменти тереӊ жатып, үстүн чөкмө тектер калыӊ жаап, басымдуу бийикт. 1000 мге чейин болгондуктан Ж а п ы з А ф р и к а, ал эми түш.-батышында байыркы фундамент айрым жерлеринде жер бетине чыгып, бийикт. 1000мден ашкандыктан ал Б и й и к А ф р и- к а деп аталат. Африка платформасынын төмөн ийилген жерлери ири ойдундарга (Калахари, Конго, Чад ж. б.), жогору көтөрүлгөн жерлери тоолорго туура келет. Африканын чыгыш чет жакасы платформанын эӊ активдүү кыймылдуу бөлүгү болгондуктан көтөрүӊкү (бийик Эфипопия тайпак тоосу, Чыгыш Африка бөксө тоосу жайгашкан) жана өтө тилмеленген; анда Чыгыш Африка тектон. жаракаларынын татаал системасы созулуп жатат (к. Чыгыш Африка жаракалар зонасы макаласын).
Африканын басымдуу бөлүгүнүн тропик алкактарынын аралыгында жайгашуусу жана суммардык күн радиациясынын жогорулугу (180‒200 ккал/см 2) анын климатын аныктайт. Ошого байланыштуу Африканын басымдуу бөлүгүндө жогорку темп-ра үстөмдүк кылып, дүйнөдөгү эӊ ысык материк деп эсептелинет. Гвинея булуӊунун түн. жээгинде жана Конго ойдуӊунда абанын жылдык орт. темп-расы 25‒26°С болот. Су дандын түндүгүндө жана Сахарада жайында өтө ысык (орт. темп-расы 30‒32°С), батышында 38°Сге чейин; Эль-Азизия (Ливияда) Жер шарындагы эӊ ысык жер, анда 58°С катталган. Субтропик кеӊдиктеринде 16‒22°С. Кыш мезгилин деги абанын орт. темп-расы 20°түн. жана түш. кеӊдиктеринде 16°С, субтропиктерде 10°С. Африканын чыгыш жээгин экватордон түштүктү карай чулгап турган Мозамбик жана Ийне тумшук жылуу агымдары материктин жээгинин темп-расын көтөрүп, бир калыпта кармап турат; Канар жана Бенгал муздак агымдары темп-раны төмөндөтүп, Африканын тропик алкактарын дагы батыш жээктеринде кургактыкты күчөтөт. Түн. жарым шарда кургактык зор аймакты ээлегендигине жана Азиянын жакын жайгашкан дыгына байланыштуу климаттын континент түүлүгү өтө жогору. Түш. жарым шарда Ажыдаар тоолорунун айдарым капталдарында жана Мадагаскарда жаан-чачын мол жаайт.
Африканын үстүндөгү негизги циркуляциялык процесс ‒ тропиктик абанын пассатар менен кириши. Пассаттык тропиктик аба ички тропиктик конвергенциянын түн. жана түш. зоналарында экватордук аба менен беттешип, циклондук депрессия пайда болот да нөшөрлөнгөн жаан-чачын алып келет. Пассаттык циркуляция муссондук циркуляция менен татаалдашат. Муссондук циркуляция айрыкча Гвинея булуӊунун түн. жээгине жана Африканын чыгыш чет жакасына мүнөздүү.
Атм. циркуляциянын, темп-ранын жана жааган жаан-чачындын сезондук өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Гвинея булуӊунун жээктеринде жана Конго ойдуӊунда дайыма нымдуу, ысык экватордук климат (5‒7° түн. кендиктер менен 2‒

Илгери үмүт тумшугу.

3° түш. кендиктердин аралыгында) түзүлөт. Камерун тоосунун этегинде жайгашкан Дебунжа да жылына 9655 мм жаан-чачын жаайт (Африканын эӊ жаанчыл жери). Экватордук климат түндүктү жана түштүктү карай акырындап субэкватордук (экватордук муссондук ) климатка өтөт; мында жайы жаанчыл, кышы кургакчыл болот. Кургакчыл кышкы сезондун узактыгы 2 айдан 10 айга чейин созулат; ал эми жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1800 ммден 300 ммге чейин азаят. 20° түн. кеӊдиктен түндүктү, 18°

АФРИКА62.png
АФРИКА63.png

түш. кендиктен түштүктү карай тропиктик климат өкүм сүрөт; Түн. жарым шарда чөлдүү, өтө кургакчыл; Сахарада жылдык жаан-чачын дын өлчөмү 100 мм жана андан аз; Чыгыш Сахара Африканын эӊ кургакчыл жери, мында жылына 10‒20 мм гана жаан-чачын жаайт. Чыгышын жээктей климаты океандык чөлдүү, абанын салыштырмалуу нымдуулугу жогору. Түш. жарым шардын тропиктик алкагында климаттын 3 сектору түзүлөт: батышы ‒ океандык чөлдүү; борб. бөлүгүндө ‒ мелүүн континент тик кургакчыл жана кургакчыл, чыгышында ‒ деӊиздик пассаттык, жайы жаанчыл.
Африканын түн. жана түш. чет жакалары субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Африканын түндүгүндө жер ортолук деӊиздик ‒ Атлас тоолорунун айдарым капталдары на накта, анын ички аймактарына, Ливиянын жана Египеттин жээктерине жарым чөлдүү жана чөлдүү жер ортолук деӊиз климаты мүнөздүү. Түш. жарым шарда накта жер ортолук деӊиздик климат Кап тоолорунун түш.-батыш айдарым капталдарында байкалат; жаан-чачын максимуму жайында болгон муссондук субтропик климаты ‒ түш.-чыгыш чет жакасына, жарым чөлдүү ж‑а чөлдүү климат ‒ ички аймактарына мүнөздүү.
Африка жылдык агымынын өлчөмү (5390 км3) б-ча Азия жана Түш. Америкадан кийинки 3-материк. Дарыялары экватордук климаттык алкакта жыш, ал эми чөлдөрдө жана Калахаринин кумдуу түздүктөрүндө дээрлик жок. Континент тик суу бөлгүч Афиканын чыгыш көтөрүӊкү бөлүгү аркылууу өтөт. Ошондуктан Атлантика нын алабына Африканын аянтынын 36,05%, Инди океанынын алабына 18,48%, Жер Ортолук деӊиздин алабына 14,88% таандык. Ири дарыялары: Конго, Нил, Нигер, Замбези, Оранж. Алардын ичинен Конго жылдык агымынын өлчөмү б-ча (1230 км3) дүйнөдө Амазонкадан кийинки 2-ири дарыя, ал эми Нил дүйнөдөгү эӊ узун (6671 км) дарыя деп эсептелинет. Суусу сыртка агып чыкпаган аймак Африканын аянтынын 30,5%ин ээлейт. Африканын дарыялары куралуусу б-ча төмөнкү типтерге бөлүнөт: 1) экватордук (жамгыр сууларынан гана куралып, агымы жыл бою туруктуу болгон); 2) судандык (эӊ көп таралганы; негизинен жамгыр суусунан куралат; агымы жайында жана күзүндө мол болот); 3) сахара (мезгил-мезгили менен пайда болуучу агымдар ‒ уэддер мүнөздүү); 4) жер ортолук деӊиздик (жамгыр, бир аз кар сууларынан куралып, жайында тайыздап же соолуп калган суулар). Африканын ири дарыялары бүт татаал режимдеги транзиттик дарыялар.
Африканын чоӊ көлдөрүнүн дээрлик бардыгы Чыгыш Африка бөксө тоосундагы тектон. ойдуӊдарда жайгашкан; алар узун, кууш жана тереӊ. Танганьика көлү тереӊдиги б-ча (1470 м) Бай кал көлүнөн кийинки дүйнөдөгү экинчи-көл. Африканын эӊ ири көлү ‒ Виктория, тузсуз көлдөрдүн ичинен аянты б-ча Түн. Америкада гы Жогорку көлдөн кийинки экинчи көл. Кийинки ири көлдөр: Ньяса, Тана, Чад ж. б.
Нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) ысык жана дайыма нымдуу климаттуу Гвинея булуӊунун жээктеринде (7° түн. кеӊдик менен 12° түш. кеӊдиктердин аралыгында) жана Конго ойдуӊунда (4° түн. кеӊдик менен 5° түш. кеӊдиктердин аралыгында) кеӊири аймакты ээлейт. Ал түндүгүндө жана түш. чет жакаларында аралаш (жалбырагын түшүрүүчү ‒ дайыма жашыл) токойго өтөт. Тропиктик нымдуу (негизинен пальмалуу) токой Африканын чыгыш жээги менен Мадагаскардын чыгышында, жазы-ийне жалбырактуу аралаш токой Африканын түш.-чыгыш муссондуу чет жакасында, дайыма жашыл катуу жалбырактуу (негизинен тыгын эмендүү) токой Атлас тоолорунун айдарым капталдарын да өсөт. Тоо капталдарын 3000 м бийиктикке чейин жана жаан-чачын мол жааган жерлерди ээлеген тоо токою жапыз өсүп, анда мамык чөп менен эӊилчектер көп кездешет. Гилеянын астында кызыл-сары ферралит, латериттик глей, тропиктик саз, жалбырагын түшүрүүчү ‒ дайыма жашыл токоюнун астында кызыл, Чыгыш Африканын түштүгүндөгү жана Түш. Африкадагы сейрек токойдун астында кызыл-күрөӊ топуракта ры өөрчүйт.
Саванна Экватордук Африканын токой массивдерин курчап, Судан, Чыгыш жана Түш. Африка аркылуу түш. тропиктен ары карай созулуп жатат. Ал өскүлөӊ, накта (кургакчыл) жана чөлдөшкөн саванна болуп бөлүнөт. Өскүлөӊ саванна жаан-чачын мол жааган (800‒1200 мм) жерлерди ээлеп, жыш жана бийик өскөн (мис., пил чөбү 5 мге жетет) кылкандуу өсүмдүктөр аралаш же жалбырагын күбүүчү, дайыма жашыл галерея токой массивдери менен айкалышып жатат. Накта саванна (жаан-чачындын өлчөмү 500‒800 мм) бийикт. 1 мге чейинки кылкандуу чөп өсүмдүктөрдүн (кызыл от, темеда ж. б.) текши тилкеси; дарак өсүмдүктөрдөн пальма, баобаб, акация, молочай ж. б. кездешет. Чөлдөшкөн саванна (300‒500 мм) суйдаӊ кылкандуу өсүмдүктөрдөн турат; анда тикендүү бадалдар (негизинен акация) кеӊири таралган. Саванна нын алдында кызыл, кызыл-коӊур, кызгылт -коӊур топурактары өөрчүйт. Чөлдүн эӊ зор аймагы Африканын түн. бөлүгүндө, анда дүйнөдөгү эӊ ири Сахара чөлү жайгашкан. Анын өсүмдүктөрү склерофилдүү (жалбырагы катуу, кургакчылыкка чыдамдуу), өтө суйдаӊ. Оазистердин негизги өсүмдүгү ‒ курма пальмасы. Түш. Африкадагы Намиб жана Карру чөлдөрүндө негизинен суккуленттер (мезембри антемум, алое, молочай) өсөт. Карруда акациялар көп. Африканын чөлдөрү субтропиктик чет

Тимет кум дөбөлөрү.

жакаларында кылкандуу өсүмдүк-бадалдуу жарым чөлдөргө өтөт.
Жаныбарлары өтө ар түрдүүлүгү менен айырмала нып, Эфиопиялык зоогеогр. аймагына кирет. А-нын тропиктик зоналарын (негизинен коруктарда) пил, керик, гиппопотам, зебра, антилопа ж. б. туяктуулар; арстан, кабылан ж. б. ири жырткыч айбанаттар мекендейт. Маймыл, майда жырткыч жаныбарлар, кемирүүчүлөр, кургакчыл жерлерде сойлоп жүрүүчүлөр көп. Канаттуулардын көп түрү, анын ичинде төө куш, ибис, фламинго кездешет. Чарбага термит, чегиртке, цеце чымыны чоӊ зыян келтирет. 19-к-да, айрыкча 20-к-дын башында өтө азайып бараткан жаныбарларды коргоо максатында улуттук парк жана коруктар (ирилери ‒ Крюгер, Калахари-Гем сбок, Серенгети, Цаво) уюшулган.

Table 1: Африканын саясий бөлүнүшү
Мамлекеттер Аянты(миӊ км2) Калкынын саны(млн, 2012) Борборлору
Алжир , Алжир Элдик Демократиялык Республикасы 2381,7 35,2 Алжир
Ангола , Ангола Республикасы 1246,7 18,5 Луанда
Бенин , Бенин Республикасы 112,6 8,9 Порто-Ново
Борбордук Африка Республикасы 623,0 3,8 Банги
Ботсвана , Ботсвана Республикасы 582,0 1,6 Габороне
Буркино-Фасо 274,2 15,8 Уагадугу
Бурунди , Бурунди Республикасы 27,8 9,0 Бужумбура
Габон , Габон Республикасы 267,7 1,5 Либревиль
Гамбия , Гамбия Республикасы 11,3 1,7 Банжул
Гана , Гана Республикасы 238,5 24,2 Аккра
Гвинея , Гвинея Республикасы 246,0 9,7 Конакри
Гвинея-Бисау , Гвинея-Бисау Республикасы 36,1 1,4 Бисау
Жибути , Жибути Республикасы 23,2 0,8 Жибути
Египет , Египет Араб Республикасы 1001,4 80,9 Каир
Замбия , Замбия Республикасы 752,6 12,9 Лусака
Зимбабве , Зимбабве Республикасы 391,0 13,4 Хараре
Кабо-Верде , Кабо-Верде Республикасы 4,0 0,5 Прая
Камерун , Камерун Республикасы 475,4 17,8 Яунде
Кения , Кения Республикасы 580,3 38,0 Найроби
Комор , Комор Федерация Ислам Республикасы 1,8 0,8 Морони
Конго , Конго Демократиялык Республикасы 2344,9 67,8 Киншаса
Конго , Конго Республикасы 342,0 4,0 Браззавиль
Кот-д'Ивуар , Кот-д'Ивуар Республикасы 322,5 21,1 Ямусукро
Лесото , Лесото Королдугу 30,3 2,1 Масеру
Либерия , Либерия Республикасы 111,3 3,5 Монровия
Ливия , Ливия Араб Социалисттик Эл Жамахириясы 1759,5 6,4 Триполи
Маврикий , Маврикий Республикасы 0,2 1,2 Порт-Луи
Мавритания , Мавритания Ислам Республикасы 1025,5 3,1 Нуакшот
Мадагаскар , Мадагаскар Демократиялык Республикасы 587,0 20,0 Антананариву
Малави , Малави Республикасы 118,4 15,4 Лилонгве
Мали , Мали Республикасы 1240,1 13,2 Бамако
Марроко , Марроко Королдугу 446,5 32,4 Рабат
Мозамбик , Мозамбик Республикасы 801,5 21,4 Мапуту
Намибия , Намиб Республикасы 824,2 1,8 Виндхук
Нигер , Нигер Республикасы 1267,0 14,0 Ниамей
Нигерия , Нигерия Федерация Республикасы 924,1 152,2 Абужа
Реюньон 2,5 0,8 Сен-Дени
Руанда , Руанда Республикасы 26,4 10,2 Кигали
Сан-Томе жана Принсипи 0,9 0,2 Сан-Томе
Свазиленд , Свазиленд Королдугу 17,3 1,1 Мбабане
Сейшель аралдары , Сейшель аралдары Республикасы 0,4 0,09 Виктория
Сенегал , Сенегал Республикасы 196,7 14,1 Дакар
Сомали , Сомали Демократиялык Республикасы 637,6 9,6 Могадишо
Судан , Судан Республикасы 2505,8 30,9 Хартум
Сьерра-Леоне , Сьерра-Леоне Республикасы 71,4 5,4 Фритаун
Танзания , Танзания Бириккен Республикасы 945,0 37,9 Дар-эс-Салам
Того , Того Республикасы 56,8 6,3 Ломе
Тунис , Тунис Республикасы 164,0 10,4 Тунис
Түштүк Африка Республикасы 1220,0 43,8 Претория
Уганда , Уганда Республикасы 235,9 30,9 Кампала
Чад, Чад Республикасы 1284,0 11,1 Нжамена
Ыйык Елена аралы 0,1 0,08 Жеймстаун
Экватордук Гвинея 28,0 0,7 Малабо
Эритрея 125,0 4,4 Асмэра
Эфиопия 1128,0 75,1 Аддис-Абеба

Африканын жерг. калкы бир канча расага таандык. Сахаранын түндүгүндө европеид расасына тиешелүү инди-жер ортолук деӊиз расасы кеӊири таралган (арабдар, берберлер). Сахаранын түштүгүндө экватордук (негр-австралоиддик) расага кирген негр, негрилл жана бушмен раса тибиндеги элдер жашайт. Негрлер терисинин өтө каралыгы, тармал чачтуу, калыӊ эриндүү, жазы мурундуу, узун бойлуулугу менен мүнөздөлөт. Негриллдер (Борбору А. пигмейлери) алардын өӊү бир аз агыраак, кыска бойлуу, жука эриндүү, денесинин түктүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Бушмен (түш. африкалык) раса тибиндегилер (бушмен жана готтентот) негрлерге караганда сары-күрөӊ түстүү, орто бойлуулугу менен айырмаланат. Эфиопия менен Сомали ж. а-нда жашаган элдер эфиоп (Чыгыш А.) расасына таандык. Булар экватордук жана европеид расасынын ортосундагы өткөөл орунда турушат. Чап жаак, кырдач мурундуу, эрди калыӊ, орто бойлуу, тармал чачтуу, каратору келет. Мадагаскар а-нын эли негрлер менен түш. азиялык расалардан турат.
Ад.: Африка. Энциклопедический справочник. Т.1‒ 2. М., 1968; Барков А. С. Африка. М., 1953; Власова Т.В. Физическая география материков. Евразия. Африка. М., 1976; Дмитриевский Ю. Д. Внутренние воды Африки и их использование. Л., 1967; Физическая география Африки. М., 1973; Климат Африки. Л., 1967; Магидович И. П. Очерки по истории географических открытий. М., 1967; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Хаин В. Е. Тектоника континентов и океанов (год 2000). М., 2001.
Ө. Бараталиев.