АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же чөгүндүлөрдүн алгачкы тунган жеринде калган кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоо тек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу жана кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын жана алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө А.минералдарынын мааниси чоӊ.