АУДИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. auditus ‒ угуу) ‒ субъекттердин чарба жүргүзүүдөгү финансылык эсеп-кысабынын аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан көз каранды эмес экспертизасы жана анализи. А. тышкы (көзкарандысыз), чарбалык субъект тин каалоосу, койгон шарттары б-ча түзүлгөн ички (ведомстволук), милдеттүү (мыйзамда алдын ала каралган учурларда жүргүзүлүүчү) жана демилгелүү (чарбалык субъекттердин же менчик ээсинин чечими б-ча түзүлгөн) болушу мүмкүн.