АЛЬБЕРТА КӨМҮРЛҮҮ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Канададагы көмүр катмарлары жаткан ири аймак. Аянты 250 миң кжгден ашат. Көмүрдүн жалпы запасы 220 млрд щ анын ичинде чалгындалганы 40 млрд т 1960-жылдан казып алынууда. Аскалуу тоонун түн. бөлүгүндө Альберта алдынкы ийилүүсүндө жатат. Көмүр бор мезгилинин астынкы (калыңдыгы 1-15 м болгон 65 катмар) жана үстүнкү (калыңдыгы 1-2 м болгон 14 катмар), о. эле палеоген мезгилинин (калыңдыгы 3 м болгон 5 катмар) чөкмө тоотек катмарларында жатат. Аймактын батышы таш көмүрдө, анын ичинде кокстолуучу көмүрдөн, о. эле антрациттен, чыгышы күрөң көмүрдөн турат. Көмүр аз күлдүү (6-9%), күкүртү аз (0,3%), жылуулук берүү энергиясы 25-30 МДж/кг. Көмүр энергетикада жана металлургияда пайдаланылат. Кокстолуучу көмүрдүн бир тобу Япония, Түш. Корея, Кытай, Индия ж. б. өлкөлөргө экспорттолот. Бассейндин аймагынан, о. эле нефть, күйүүчү газ, күкүрт кендери казып алынат.