АЛЬДАБАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Инд а-ндагы атолл. Сейшел а-нда. Табийгый резерват. Аянты 350 км2. Анын 190 км2 ге жакыны кургактык. Коралл аки таштан түзүлгөн. Төрт ири жана көптөгөн майда аралдардан турат. Терең жаракалар, үңкүрлөр жана киши өтө алгыс лабиринттер мүнөздүү. Жээктерин бойлой мангр өсүмдүктөрү, лагуналарында деңиз чөптөрү өсөт. Атолл деңиз ташбакаларынын жумурткалоочу жайы. Канаттуулардан олуши, фрегаттар, альдабара дронгосу (жоголуу коркунучу алдында турат) уялашат. Курт-кумурскалардын 1000ден ашык түрү (анын ичинде 40 түрү эндемик) кездешет. Флоранын 20%и эндемик. Атолл Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.