АТМОСФЕРАНЫН РАДИОАКТИВДҮҮЛҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ атмосферада радиоактивдүү заттардын болушу. Негизги пайда кылуучу булактары: 1) радиоактивдүү изотоптордун жер бетинен келиши; 2) табигый ядролук реакциялардын натыйжасында радиоактивдүү изотоптордун атм-да пайда болушу; 3) жасалма ядролук реакциялардын (ядролук жарылуулардын) эсебинен атм-да пайда болуучу радиоактивдүү изотоптор. Радиоактив дүү элементтердин табиятта (жер кыртышын да) минерал жана кенташ (руда) түрүндөгүсү ‒ уран менен торий. Калгандары ‒ алардын радиоактив дик ажыроосунан гана пайда болгон хим. элементтер. Радиоактивдүү элементтердин (радий, торий, актиний) изотоптору: радон, торон, актиний. Алардын ичинен жер кыртышынан атм-га аба аркылуу кеӊири тараганы ‒ радон. Кургактыктын ар бир см2 аянтынын орто эсеп менен 10 ‒7кюри радон атм-га өтүп турат. Радон атм-дагы майда бөлүкчөлөр менен бирикпегендик тен, атмененын радиоактивдүүлүгүн арттырат. Андан башка уран кендери, атом бомбасынын жарылуусу ж. б. да атмененын радиоактивдүүлүгүн көбөйтөт. Бирок радиоактивдик ажыроодон, радиоактивдешкен аэрозолдордун гравитация лык, электрдик жана диффузиялык чөгүүлөрүнүн, алардын жаан-чачын менен жер бетине түшүүсүнөн ж. б. натыйжасында атм-ра тазаланып, атмененын радиоактивдүүлүгү салыштырма бир калыпта сакталып турат.