АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ атмосферада болуучу физ. кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атм-да жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атм-дагы оптикалык, электрдик, акустикалык ж. б. кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физ. же анализдик жолдор менен аныктайт. А. ф. метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, к. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.