АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ
Jump to navigation
Jump to search
АТЛАНТИКА ЬОЮ ОЙДУҢ У Түн. Америкада. АКШнын Атлантика жээгиндеги Нью-Йорктон Флорида ж. а-нын түш. четине чейин созулуп жатат. Жазылыгы 30дан 350 кмге чейин. Акиташ тегинен жана кумдуктан турат. Жеринин бети жайпак (бийикт. 100 мге чейин), жээги саздуу. Климаты субтропиктик муссон тибинде, Флориданын түштүгү тропиктик, мырза карагай жана эмен өсөт, саздуу. Пахта, тамеки, жемиш багы өстүрүлөт. Негизги ш.: Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор, Вашингтон.