АТКАРУУ БИЙЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

мамл. бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушунун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. КРдин Конституциясына ылайык А. б-н КРдин Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамл. комитеттер, адм. ведомстволор, А. б-нин башка органдары жерг. мамл. адм-лар жүргүзөт. А. б-нин формалары ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Мис., АКШда жана көпчүлүк латын америкалык өлкөлөрдө жогорку А. б. бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт жана ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы жана толук жоопкерчи лик милдети жүктөлгөн. Швейцарияда Федералдык Кеӊеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган жети мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президент чилик» бар. Өтө кеӊири тараган А. б-нин формасы ‒ министрлер кабинети.

                                                                                                                        А. Акунов.