АТЕИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЕИЗМ(а... жана гр. theos ‒ кудай, б. а. кудайсыз) ‒ табияттан тышкары күчтөрдү, диний түшүнүктөрдү жана Кудайды танган көз караш. Атеисттик көз караштагы ой-пикирлер алгач байыркы доордо эле Кытай, Индияда, кийин грек полисинин расмий динин тануу иретинде А. түшүнүгү пайда болгон жана ошол учурдан тартып матер. философия менен тыгыз байланышта өнүккөн. Европада Ренессанс доорунда А. кайрадан күч алган. 17‒18-к-дын агартуучулары башкалардан айырмаланып, атеист болушкан эмес, тескерисинче А-ди сындашкан. Ошол эле учурда алар салттуу христиандык ишенимди да сынга алуу менен атеисттик маанайдын жогорулашына шарт түзүшкөн. 19-к-да А-дин өзгөчө гүлдөп өскөн мезгили болгон. Бул учурда ал бир катар идеологиялардын, анын ичинде өзгөчө социализмдин ажырагыс бөлүгүнө айланып, немец ойчулу К. Маркстын окуусун улантуучулар тарабынан «илимий А-дин» теориясы иштелип чыккан. Октябрь Революциясынын жеӊишинен кийин, 1917-жылдан тартып, алгач Советтик Россиянын чиркөөлөрүн, бара-бара жалпы эле СССРдин курамындагы республикалардын аймактарындагы бардык диний мекемелерди (мечит, медресе, тайынуу жайлары ж. б.) куугунтуктоонун теориялык базасына айланган. Батыш өлкөлөрүндө ошол мезгилде анчалык курч мүнөзгө ээ болбогон филос. А. тараган. 20-к-да А-дин ордуна бара-бара агностицизм бир кыйла кеӊири тарай баштады. Агностиктер табияттан тышкары күчтөрдү танууга да, таанууга да негиз жок деп санашат. СССР ыдырап, анын курамындагы респ-лар, анын ичинде Кыргыз Республикасы да көз каранды эместикке жетишкенден кийин атеисттик көз караштар бир топ солгундап, диндик куугунтоолор токтотулган. Өлкөнүн баш мыйзамы ‒ КРдин Конституциясында: ар адамга дин тутууга, расымдарга, диний жана атеисттик ишке эркиндик кепилденет. Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же эч бир динди тутпай коюуга, диний же атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же таркатууга укуктуу (16-статья, 11-пункт) деп белгиленген.