АЛТАЙ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДҮҮ АЙМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДҮҮ АЙМАГЫ – полиметаллдын Россиядагы ири кендери жайгашкан аймак. Аймак Россия бөлүгүндөгү Алтай тоолорунун түш.-батыш жана түн.-батыш

капталдарында, уз. 500 км, туурасы 50 км аянтты ээлейт. Аймак эки жагынан тектон. терең жаракалар менен чектелет. Анын аймагында негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө жанар тоо тектери жана гранит интрузиялары жатат. Тоо тектер герцин бүктөлүүсүнөн өзгөрүүлөргө учурап, жаракаланган. Аймакта 800дөн ашык полиметалл кени бар. Алардын көпчүлүгү 18-к-дан тартып белгилүү. Ирилери: Зырян, Лениногорск, Змеиногорск, Березовка,Иртыш ж. б. Кендеги негизги металлдар: РЬ, Си, Zn, алардан башка кошумча иретинде Аи, Ag, Cd, Se, Те, As, Sb, Tn, Ga ж. б. 20дан ашык
сейрек кездешүүчү элемент бөлүнүп алынат. Кенташтар гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, тектон. жаракаларга, интрузиянын чет жактарына, антиклиналдык түзүлүштөрдө топтолгон. Кендер герцин металлогения доорунда гидротерм жолу менен пайда болуп, негизинен тарамчалар, линзалар, уячалар түрүндө кезигет.