АТАМА СҮЙЛӨМ
Jump to navigation
Jump to search
‒ жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү. Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү,
кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкин дикти атап көрсөтөт. А. с-дүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы менен айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мис., Жай. Таза аба. Жайылган мал).