АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович
Мунарбек Муӊдукович (7. 9. 1949-ж. т., Фрунзе ш.) ‒ скрипач. КРдин эл арт.
(1993). П. Шубин атн. балдар муз. мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын акад. симф. оркестринде
скрипач, кийин концертмейстер. Оркестр коллективи менен бирге концерттерде композиторлор
Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П. Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин ж. б. жана кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарат. Москва, Ташкент, Алматы ш-ларында, Африка, Турция, Балтика мамлекеттеринде ж. б. болуп, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар менен сыйланган.