АСТРОНОМИЯЛЫК ПУНКТ
Jump to navigation
Jump to search
‒ географиялык координаталары жана бир нерсеге карай багытталган азимуту астр. жол менен (асман жылдыздарына жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде) аныкталган жер бетиндеги чекит. А. п. жер бетинде кирпич же бетондон тургузулган бийиктиги 1 м келген мамылар менен белгиленип, астр. байкоолор ошол чекиттен жүргүзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө А. п-тар астр. аныктоолордун тактыгына карай 4 класска бөлүнөт. I, II класста гы А. п. 70‒100 км аралыкта болуп, Жердин келбетин жана көлөмүн аныктоо үчүн, III, IV класстагылары ар түрдүү аралыкта жайгашты рылып, жер бетинин топографиялык карталарын түшүрүүдө же геод. кээ бир изилдөөлөрдө пайдаланылат.