ИНГЕРМАНЛАНДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – тарыхый облус. Орус мамлекетинин түн.-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-к-дан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-к-дан Води ж-а Ижора м-н катар аймакта славян уруулары (кривичи ж-а словен) жашаган. 1583-ж. Ливон согушунан (1558–83) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–93-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими м-н аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, И. (адм. борбору - Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-ж. провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-ж. Карелия м-н биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (адм. борбору - Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург ш-нын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-ж-дардагы Түндүк согушунун учурунда И-нын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) б-ча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-ж-дагы губерниялык реформага ылайык И. Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.   1049