БАГЫТТАР ТАЛААСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
хОу тегиздигинде жаткан ж-а ар бирине белгилүү багыт туура келген чекиттердин тобу. yӊ=f(x, y) (1) дифференциалдык теӊдемеси берилип, f(x, y)ОD облусунда аныкталса, анда каалагандай (x0, y0)ОD чекитине толук белгилүү k=f(x0, y0) бурчтук коэфф. туура келгендиктен, ал чекит аркылуу өтүүчү интегралдык ийри сызыктын жанымасы ошол багытка дал келет. Б. т. интегралдык ийри сызыктарды жакындаштырып, график түрүндө тургузууга мүмкүндүк берет. Демек берилген дифференциалдык теӊдеме Б. т-н аныктайт. Тескерисинче хОу тегиздигинин кандайдыр D облусунда жетиштүү жыштыкта Б. т. берилсе, ал жогорудагы белгилүү теӊдемени мүнөздөйт. Дифференциалдык теӊдемени чыгаруунун бир жолу изоклиндер ыкмасы деп аталат. Мис., yӊ=y/x теӊдеменин биринчи интегралы ax+by = 0 (мында, a, b ‒ ар кандай турактуу сандар) түз сызыктарынын түркүмү болот. (0; 0) чекитинде теӊдеме маанисин жоготот. Ошондуктан анын

Б. т. координата башталмасынан чыккан жарым түз сызыктар болот.
Ад.: Степанов В. В. Курс дифференциальных уравнений. М., 1966; Пискунов Н. С. Дифференциаль ное и интегральное исчисления. Т. 2. М., 1985.
Б. К. Темиров.