АЮУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЮУЛАР (Ursidae) ‒ сүт эмүүчүлөр классынын жырткычтар түркүмүнүн тукуму. Алп денелүү зор айбан. Башы чоӊ, тумшугу узунураак. Буттары беш манжалуу, күчтүү, тырмактары ичине кирбейт. Куйругу кыска. Жүнү жыш, калыӊ; тиштери чоӊ, жыт билүүсү жакшы өрчүгөн. Геогр. шарттарга ыӊгайлашып жашоосуна карай ак, кара, күрөӊ түрлөргө бөлүнөт. Алар чөлдө, бийик тоодо, тропик токойлордон Арктикага чейин таралган. Европа, Азия, Кавказ, О. Азиянын тоолуу жерлери м-н токойлорунда кездешет. Кыргызстанда эӊ чоӊ күрөӊ аюу жашайт. А-дын кууту июнь айында башталат. Октябрда чээнге кирет, чээнде 1‒5 мамалак тууйт. А-дын саны кескин азаюуда, көп өлкөлөрдө коргоого алынган.