АШПАРА
15:29, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
‒ 8‒15-к-гы шаар калдыгы. Чүй өрөөнүндөгү Чалдыбар кыш-нын батыш тарабында жайгашкан. Алгачкы археол. изилдөөлөрдү В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, кийин 1964‒65-ж. Жети-Суу археол. экспедициясы жүргүзгөн. Шаар сепилден, шахирстандан ж-а дыйкандар м-н кол өнөрчүлөр жашашкан турак үйлөрдөн туруп, сыртынан чеп м-н курчалган. Казуу учурунда дубалы сокмо ж-а чийки кыштан салынган үйлөрдүн калдыктары, чопо идиштер (кумара, табак, чыны), үй айбанаттарынын сөөктөрү табылган. Табылгалардын ичинен уйгур алфавитиндеги жазуусу бар уйдун далысы өтө кызыгууну туудурат.