АШМАРИН Николай Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Николай Иванович [22.9 (4. 10). 1870, Ядрин ш., Казань губерниясы (азыркы Чувашия) ‒ 26. 8. 1933, Казань ш.] ‒ тилчи, түрколог. СССР ИАнын корр.-мүчөсү (1929). Москвадагы Лазарев ин-тун бүтүргөн (1896). Ошол эле жылдан Казань ун-тинде окутуучу, кийин Казань, Симбирск, Баку (Азербайжан ун-ти) ЖОЖдорунун проф. болгон (1919 ‒ 31). А. чуваш тилинин лексикасы, диалектилери ж-а говору, этнографиясы ж-а тарыхы ж-дөгү баалуу маалыматтарга бай «Чуваш тилинин сөздүгү» аттуу 17 томдук эмгеги м-н атагы чыккан. Түркологияга, чуваш тилине байланыштуу 30га жакын эмгек, а. и. «Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар» (1897‒99), «Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери» (1-бөлүк, 1903; 2-бөлүк, 1923) ж. б. жазган.

Ад.: Н. И. Ашмарин ‒ основоположник чувашско го языкознания. Чебоксары, 1971; Федотов М. Р. Н. И. Ашмарин: Краткий очерк жизни и деятельности. Чебоксары, 1995.