АЧЫК ТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ элдик кол өнөрчүлүктө жээк жип, жүн, кийиз ж-а тери боёгондо боёкко кошуучу зат. Аны колдонуудан мурда жылуу сууга эритип, ага боёк салынуучу ысык сууну кошуп, чогуу кайнатат. Кайнаган сууга боёк салып, дагы бир жолу кайнатып, боёло турган буюмду (жүн, кийиз, жээк жип) сууга салып, 1,5‒2 саатча кайнатуу зарыл. От өчүрүлүп, суу муздаганча буюмдар боёкто калтырылат, ал эми терини боёгондо муздатып туруп колдонот.