АЧКАЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧКАЛЫК‒ организмдин тамак-ашты (азыкты) физиол. талап кылуусун билдирген сезим. Ачка болгондо карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет (өзөк карарат), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. Мындай абал кандын курамында азык заттын азайышы м-н мүнөздөлөт. Борб. нерв системасында тамак борбору жайгашкан. Ал ачка ж-а токчулук борборлоруна бөлүнөт. А. борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин пайда кылат. Бул эки борбордун бири козголгондо, экинчиси тормоздолуп (токтоп) турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезими кезектешип сезилет. Организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, б. а. А-ты кеч сезүү ‒ кахексияга (өтө арыктоого), ал эми бат-бат сезүү семирүүгө алып келет. Денеде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв ж-а эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде А. борбору кеч же такыр токтолбосо, киши тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаӊдап калса, анда киши тамакты аз жеп, организмдин физиол. керектөөсү камсыз болбой калат. Ачка ж-а ток болууну жөнгө салуу үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу ж. б. шарттар чоӊ мааниге ээ.