АХУНДОВ Мирза Фатали

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Мирза Фатали [30.6 (12.7). 1812, Шеки, азыркы Нуха ш. ‒ 26.2(10.3), 1878, Тифлис ш.] ‒ азербайжан ад-тынын классиги, агартуучу, философ-материалист. Нухада орус-азер

байжан окуу жайын бүткөн. Араб, фарс ж-а орус тилдерин билген. А-дун адабий ишмердиги 19-к-дын 30-жылдары башталган. Сын макалаларында ад-ттагы реалисттик багытты жактаган. «Пушкиндин өлүмүнө» аттуу кошок поэмасы 1837-ж. орус тилине которулуп, жарык көргөн. Анын

АХУНДОВ73.png

«Молдо Ибрагим Халил, алхимик» (1850), «Мусье Жордан, ботаник» (1851), «Ажы Кара» (1852) комедияларында, «Алданган жылдыздар» (1857) повестинде азербайжан элинин 19-к-дын 1-жарымындагы турмушу реалдуу көрсөтүлгөн, коомго жат көрүнүштөр ашкереленген. А. «Алданган жылдыздар» (1857) аттуу сатиралык повести м-н азербайжан ад-тында проза жанрын баштаган. «Инди принци Кемал-уд-Довленин Персия принци Жалал-уд-Довлеге жазган үч каты…» деген филос. трактатында, «Философ Юмга жооп» деген макаласында ж. б. эмгектеринде материалисттик идеяны өнүктүрүү м-н илимди ж-а философияны динден бөлүп, жаратылышты үйрөнүүгө чакырган. А. аӊдап билүү теориясы б-ча материалисттик сенсуализм позициясында турган. Бирок таанып-билүүнүн сезүү ж-а рационалдык баскычтарынын диалектикасын ача алган эмес. Социалдык эзүүгө ж-а Чыгыш аялдарынын укуксуздугуна каршы чыгуу м-н эзүүчүлөрдү күч колдонуп гана жоготуу га болот деген жыйынтыкка келген. А. кийинки муундарды патриоттук духта тарбиялоону , диний ишенимдерден арылтууну максат кылган; алардын билимге, эстетикалык таалимге жетишине зор маани берген. А-дун эмгектери азербайжан элинин ж-а Жакынкы Чыгыш элдеринин ад-ттары м-н коомдук ой-пикирлеринин өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Анын чыгармалары англис, фарс, француз, немец ж.б. тилдерге которулган.