АХУНБАЕВА Неля Исаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:01, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АХУНБАЕВА НЕЛЯ Исаевна (1937-ж. т., Фрунзе) ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1972), проф. (1974). КММИни бүтүргөн (1960). Пржевальск ш-дык (азыркы Каракол) ооруканасы
АХУНБАЕВА72.png

нын хирургу (1960‒61), көкүрөк хирургия бөлүмүнүн ординатору (1961‒64), КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1964‒72), доценти, КММАнын кафедра башчысы (1984‒90). КРСУнун хирург. оорулар кафедрасынын проф. (1995). КРдин эмг. сиӊ. врачы, акад. Ахунбаев атн. сыйл. лауреаты (1996). Жалпы хирургия ж-а көкүрөк хирургиясы б-ча адис. 150дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 8 монографиянын автору. Эмг.: Эхинококкоз легких и его хирургическое лечение (в соавторстве). Ф., 1976; Проблемы горной-медицинской экологии Кыргызстана (в соавторстве). Б., 2000.