АТЫРГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:09, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЫР ГҮЛ, л о л а, р о з а (Rоsа) ‒ роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Жалбырагы күбүлмө же дайыма жашыл, бадал, чанда чырмалып өсүүчү лиана. Өркүнү майда тикендүү.

АТЫРГҮЛ41.png

Жупсуз жалбырагы канат сымал. Гүлү (жазылыгы 2‒15 см) жөнөкөй же тармал, жагымдуу жыты бар; кызыл, ачык кызыл, ак, сары, кызгылтым, көгүлтүр түстө, жалгыздан жайгашат же чатырча-шыпыргы сымал топ гүлдүү. Мөмөсү ‒ жалгыз уруктуу жаӊгакча. Анын 400дөй жапайы түрү (ит мурундар ) белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашуун түрү белгилүү. Курт-кумурскалар аркылуу чаӊдашып, мөмөсү канаттуулар ж. б. жаныбарлар м-н таралат. Ал тез өзгөргүчтүгү м-н айырмаланып, гибриддештирүү ж-а тандоо м-н бакта өстүрүлүүчү А-дүн көп түрү алынган. Анын Кытай (кытай А. г-ү), Кичи Азия (галл А. г-ү), Афганстан, Ирак, Армения (сары А. г.), Ы. Чыгыш, Японияда (көп гүлдүү А. г. ж. б.) өсүүчү жапайы көп түрү азыр колдо өстүрүлөт. Кооздук үчүн өстүрүлүүчүлөрү (25 миӊдей түрү) 3 топко бөлүнөт. Жылына бир жолу жаздан баштап кеч күзгө чейин гүлдөйт. Бул топко паркта өстүрүлүүчү А.г-дөр (ламберт, вихурайану гибриди, кордези, голл ж. б.) кирет. Дайыма жашыл түрү тез өсүп, көпкө гүлдөйт. Буларга бакта өстүрүлүүчү А.г-дөр (наузету, бурбон, чай, чай-гибрид, полианту, лолианту-гибрид ж. б.) кирет. Лиана түрүнүн өркүнү 10‒12 мге жетип, жай мезгилинде бир жолу гүлдөйт. Лианаларга көп гүлдүү ж-а вихурайану А.г-ү кирет. Кооздук үчүн көбүнчө чай-гибрид (гүлү чоӊ, тармал, жыты жагымдуу) ж-а флорибунда (көпкө гүлдөйт) А.г-дөрү өстүрүлөт. Анын айрым түрлөрүнүн (француз А. г. ж. б.) гүл желекчесинен жыттуу эфир майы (роза майы) алынат. Кээ бир түрүнүн жалбырактарынан кыям жасалат, жалган мөмөсүндө аскорбин к-тасы көп болгондуктан, витамин жасоодо пайдаланылат. Розадан боегуч ж-а ийлегич заттар да алынат. Илдеттери: чаӊгыл кебер, боз чирик ж. б.
Ад.: Клименко В. Н., Клименко 3. И. Розы, 3-изд. Симферополь. , 1974.