АТООЧТУК ТҮРМӨК
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси ж-а граммат. жактан атоочтукка баш ийип, аны м-н бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек. А. т-түн тутумундагы сөздөр маанилик ж-а граммат. жактан атоочтукка багыныӊкы абалда туруп, аны м-н бир бүтүндүктө
ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, б. а. структуралык жактан А.т. делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мис., Кыздын кыя басканы ‒ кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар). С. Мусаев.