АТМОСФЕРАНЫ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО
‒ калк жашаган аймактагы абаны зыяндуу зат
тардан коргоого багытталган мыйзамдуу, санит.-тех. ж-а уюштуруу чаралары. Ал абанын булгануу себептерин изилдөөгө, ага каршы күрөшүүгө, анын организмге терс таасирин жоюуга, санит. норматив түзүүгө багытталат. Абаны санит. коргоонун комплекстүү чараларына төмөнкүлөр кирет: өндүрүштө калдыксыз ж-а аз калдыктуу технологияларды колдонуу; калк отурукташкан жер м-н өнөр жай аралыгында коргоо зонасын сактоо, өнөр жай ишканаларын курууда жердин ж-а жерг. климат шарттарын эске алып, туура жайгаштыруу; калк отурукташкан жерди туура пландаштыруу ж-а жашылдандыруу; өнөр жай өндүрүш процессинде бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттарды абага таратпай чыпкалоочу жабдыктарды орнотуу, өндүрүш ишканаларын, турак жайларды электрлештирүү ж-а газдаштыруу, бензин, дизель м-н жүрүүчү машиналарды электромобиль, троллейбус м-н алмаштыруу ж. б. Атм. абанын тазалыгына, о. эле тазалооочу жабдыктардын иштешине, зыяндуу заттардын абадагы концент-сы гигиеналык чектелген нормативден ашпоосуна санит.-эпи демиол. кызмат көзөмөл жүргүзөт.