АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ атмосферада болуучу физ. кубулуштар м-н процесстерди изилдөөчү илим. Ал атм-да жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу ж-а конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атм-дагы оптикалык, электрдик, акустикалык ж. б. кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физ. же анализдик жолдор м-н аныктайт. А. ф. метеорологиянын көп тармактары м-н тыгыз байланышкан, к. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.