АТЛАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АТЛАНТА ‒ АКШнын түш.-чыгышындагы шаар. Жоржия штатынын адм. борбору. Калкы 447,8 миӊ (2013; агломерациясында 5,5 млн). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. А. ‒ Түш. АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, хим., целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) з-ддору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи м-н), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт.

Терминус деген ат м-н 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан А. аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Арх-ра эстеликтерден Капитолий имараты (1884‒1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк ил. борбору, 4 ун-т, технол. ин-ту, мед. ири борборлор ж-а клиникалар иштейт. Иск-во ж-а археол., асем-өнөр иск-во музейлери, Иск-во, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйл. лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эӊ ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эӊ ири үстү жабык стадион курулган.