АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Эӊилчек кыш-нын түш.-чыгыш тарабында, Эӊилчек ж-а Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери ж-а аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмөтектер метаморфизмделген мрамор м-н роговике айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузия нын экзо- ж-а эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоотектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын уз. 40‒140 м, калыӊдыгы 1,8‒3,8 м. Минералдык курамы б-ча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопи рит ж. б. Кенташтагы калайдын орт. өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 г/т, висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С2 категориясы б-ча 974, 5 миӊ т, калай металлыныкы 11,3 миӊ т.