АСКЕР СОТТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР СОТТОРУ– аскер кызматкерлеринин укуктук корголушун, аскер кызматчысынын статусуна ээ жарандардын, о. эле аскер кызматчыларынын, аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызматкерлердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) ж-а алар кабыл алган чечимдердин натыйжасында бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин ж-а мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо б-ча жарандык иштерди кароочу мамл. орган. А. с. аскер кызматчылары, о. эле аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин да карайт. А. с. КРдин Аскер сотунан ж-а гарнизондордун аскер сотунан турат. Гарнизондордун Аскер соттору биринчи инстанциядагы соттор, КРдин Аскер соту – экинчи инстанциядагы сот болуп эсептелет.