АРШАКИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:11, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРШАКИДДЕР, Аршакундар – армян падышаларынын династиясы (62–428). Бул династия Парфян падышалыгындагы Аршакиддер династиясы м-н тектеш болгон. Армяндардын А. династиясын Тиридат I (62–80) негиздеген. Улуу Тиридат IIIнүн (287–332) мезгилинде христиан дини мамл. динге айланган (болжол м-н 301-ж.). А. феодалдык бытырандылыкка каршы ж-a Армениянын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Улуу Армения өлкөсүн Иран м-н Рим империясы бөлүп алып (387), А. алардын вассалына айланган. А. династиясы 487-ж. кулаган.