АРЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧА (Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийикт. 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. А. жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең ж-а жайылып өсүп, жер алдындагы сууну ж-а азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.

Арчанын бир бутагы.


А. токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Алдынкы ж-а Борб. Азияда, Түн. Американын кургакчыл түштүгүндө ж-а Мексикада, ал эми реликт катуу А. Японияда, Кореяда, Батыш Кытайда таралган. Россиянын токой ж-а токойлуу тундра зонасында, о. эле Крым, Кавказ, О. Азия, Ы. Чыгыш тоолорунда өсөт. А. токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт. Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме, автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.