АТАБАЕВ Аксуубай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Аксуубай (22. 12. 1943, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ак-Булуӊ айылы ‒ 12. 12. 2011,
АТАБАЕВ 114.png

ошол эле жерде) ‒ компози тор, обончу, ырчы, КРдин эл арт. (2000). КРдин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер (1988). Бишкектеги М. Күрөӊкөев атн. муз.-хореограф. окуу жайын (1970), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тун 1979-ж. бүтүргөн. 1979‒82-ж. Т. Сатылганов атн. Кыргыз улут тук филармонияда солист. 1982-жылдан азыркы күнгө чейин Респ-лык кесипчилик окуу жайларынын мад-т ордосунун директору. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык обондуу ырлардын автору. «Чагылган», «18 жаш», «Эне жөнүндө баллада», «Тоолор», «Кыргыз жери», «Жүрөк эӊсейт», «Курбуларга», «Айгүл ай», «Махабатым», «Таалайбе к», «Белгисиз жоокер жөнүндө баллада», ж.б. ырлары белгилүү. Медалдар м-н сыйланган.