АРПАДДАР
Jump to navigation
Jump to search
АРПАДДАР, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) А. династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда ж-а 13- к-дын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. А-дан 5 князь ж-а 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060–63), Бела IV (1235–70).