АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА
Jump to navigation
Jump to search
АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА, а й м а к т ы к л и н г в и с т и к а – тил илиминин тилдик фактыларды лингвистикалык география методу аркылуу аймактык ж-а тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу м-н айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо м-н изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик ж-а ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.