АРАЛАШ ЭГҮҮ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛАШ ЭГҮҮ – бир эле аянтка өсүмдүктүн эки же андан көп түрүн өстүрүү. Эгилүүчү өсүмдүктөр ж-а аларды өстүрүү ыгы туура тандалса, жөнөкөй эккенге караганда түшүм арбын алынат. Мындай эгүү көп жылдык ж-а бир жылдык өсүмдүктөрдө көп колдонулат, мис., бедени жүгөрү, сулу, арпа м-н же бир жылдык өсүмдүктөрдү, мис., кара буудайды, жер буурчак, буурчак м-н, арпаны жер буурчак, буурчак м-н эгүү. Бул өсүмдүктөрдү эгүү мөөнөтү алардын өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү.