АРАГОНИТ
Jump to navigation
Jump to search
АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геол. тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жашыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында ж-а минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер м-н акактардын көпчүлүк бөлүгү А. турат.