АРАБ МЕДИЦИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:08, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ МЕДИЦИНАСЫ – о. кылымда араб элдери м-н ислам дининдеги калк арасында кеңири таралган илим тармагынын бири. Чыгышта дарылоо иштерин ирандыктар, еврейлер, сириялыктар да жүргүзгөн. Ошол кездеги дарыгерлердин белгилүү окутуучусу, устаты харет ибн Кадалахтын (6-к.) араб тилинде жазылган эмгектери азыркы кезге чейин сакталган. Бул эмгекте тамакты тарта ичүү, денени таза тутуу, ичкиликти көп ичпөө ж. б. ж-дө негизги эрежелер айтылган. Аристотелдин мед. эмгектерин арабдарга алгач тааныштырган философ, мате­матик, астроном, дарыгер аль-Кинди болгон (800-810-ж. чамасында). Анын дарыгерлик көз караштарын Абу Наср аль-Фараби ж-а Абу Али ибн Сина андан ары өнүктүргөн, аль-Фараби айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген таасирин эң алгач айткан. Аны ибн Сина өз эмгектерине негиз кылып алган. Анын «Канун» аттуу эмгеги Чыгыштын дарыгерлик мектептеринде ж-а Европа ун-ттеринде негизги мед. окуу куралы катары пайдаланылган. Ибн Сина бул китебинде оорунун түрлөрүн аныктоо, аны да­рылоо жолдору, оорулууну багуу ж. б. маселелер ж-а 760дай дары-дармек ж-дө сыпаттап жазып калтырган. А. м-нын дүйнө жүзүнө таралышына О. Азиялык илимпоз Бакр Закария чоң салым кошкон. Ал оорулууну дарылоо үчүн хим. жол м-н алынган дарыларды пайдаланууну сунуш кылган. Араб дарыгерлери орг. заттардан дары алуу жолун алгачкылардан болуп табышкан. 754-ж. Багдадда алгачкы дарыкана ачылган. Араб халифатында ооруканалар иштей баштайт. О. кылымдагы араб элдеринде ооруканалардын жанына мед. мектептер ачыл­ган. Алардын бай китепканалары, ил. борборлору болгон. Дарыгерлерди даярдоо ар кайсы тармактар (тиш дарыгери, хирург ж. б.) б-ча жүргүзүлгөн. Арабдар оорунун түрү м-н мүнөзүнө жараша дарылоону билишкен. Алардын чоң шаарларда тазалыкты сактоо, ооруну дарылоо ж-а алдын алуу негизги максаты болгон.