АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР, а п о с т о л и к т е р – 13-к-дын экинчи жарымы – 14-кдын башында Түн. Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме ш-нда 1260-ж. негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына ж-а католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга ж-а теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-ж. Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабы­нан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-ж. Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-ж. Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар ж-а плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-ж. басылып, башчысы өлтүрүлгөн. А. б. т. Италия, Фран­ция, Испания ж-а Германияда өз идеяларын 15-к-га чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.